АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, Трамптын жардамчылары шайлоого катышуу үчүн расмий арыз жазышса, өзү Флоридадагы резиденциясында чогулган тарапкерлери менен жолуккан.
Өз сөзүндө экс-президент Жо Байден баштаган АКШнын азыркы администрациясын сынга алды. Ал демократтардын айынан өлкө начарлап баратканын, өзү президент болуп турган кезде дүйнөдө туруктуулук болгонун белгилеп, азыр да бийликте турса Украинада согуш болмок эмес экендигин айткан.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти, ал өлкөнү 2017-жылдын январынан 2021-жылдын январына чейин жетектеген.