Жогорку Кеңеш "Азаттыктын" журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту

Жогорку Кеӊештин ишин чагылдыруу үчүн "Азаттык Медиа" мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредиттик ырастама убактылуу токтотулду. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.

Маалымдалгандай, мындай чектөө "Азаттыктын" сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу кабыл алынган.

Эскертсе кетсек, ушул жылдын 26-октябрь күнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин чыгарган.

Мындай чара ушул жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат чагылдырганы жана коомдогу кырдаалды курчутканы үчүн көрүлгөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rahat84
2022-11-17 09:35:00
жакшы кылыптыр эки айга эмес, совсем жаап салыш керек
-5
Antiradikal11
2022-11-17 10:30:00
rahat84, атандын башы жугундукор! Доопарастын шестеркасы. Силердин оюнапда силердин созунорду суйлогон Ктр, Элтр, Пирамида, 7-канал, Регион, Ынтымак эле калышы керек да ээ?!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан