Рамзан Кадыров өзүнүн кызынын өлүмү жөнүндө айтты

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров кызынын өлүмү тууралуу өзүнүн Телеграм каналында билдирүү жазды.

Кадыров чарчап калган кызы анын тун кызы болгонун, ал ымыркай кезинде чарчап калганын билдирди.

"Азыр 14 балабыз бар. Негизи 15 балабыз болушу керек болчу. Эң алгачкысы кыз болчу, ал кыз төрөлгөндөн көп өтпөй эле чарчап калган. Бул жылдар бою мен алардын жанында болууга убактым аз болду", - деп жазды Кадыров.

Саясатчы балдарды тарбиялоо көбүнчө жубайы Медни Кадырованын моюнуна жүктөлгөнүн баса белгиледи.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Медни Кадыровага “Баатыр эне” наамын ыйгарган. Өз кезегинде Рамзан Кадыров Путинге ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан