Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төрага Нурланбек Шакиевдин суроолорго отуруп алып жооп бериңиз деген суранычын четке какты.
Жыйында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге төрага Нурланбек Шакиев "кагаздарыңыз көп экен, ыңгайлуу болушу үчүн отуруп алып жооп берсеңиз" деди.
Ага Ташиев трибунада туруп алып эле жооп берүү ыңгайлуу экендигин айтты.
Эске салсак, буга чейин төрага Нурланбек Шакиев ички иштер министринин орун басары баяндама жасагандан кийин суроолорго жооп берүү үчүн орундукка отурайын дегенде, суроолорго туруп алып жооп берүүсүн
талап кылган. Ошондой эле төрага мындан ары өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна трибунада туруп жооп берерин билдирип, мурдагы өкмөт мүчөлөрү 2 саат бою туруп жооп бергенин белгилеп, азыр 5 мүнөттө бутуңар уюп кетет деп нааразы болгон.