Жо Байдендин небереси Вашингтондогу Ак Үйдөн турмушка узады

АКШнын президенти Жо Байдендин небереси Наоми Вашингтон шаарындагы Ак Үйдөн турмушка узады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Наоми Кинг Байден Питер Хирман Нил аттуу 25 жаштагы жигитке турмушка чыкты. Салтанатка 250дөй конок катышты. Үйлөнүү үлпөт аземинен кийин 28 жаштагы Наоми менен 25 жаштагы Питер туугандары жана достору үчүн чакан той өткөрүштү.

Салтанатты жеке компания уюштурган. Анын кызматтарынын баасы 300 миң доллардан башталат. Наоми менен анын жолдошу Вашингтондо юрист болуп иштешет жана августтан бери Ак Үйдө жашап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2022-11-21 08:25:00
Бактылуу болушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан