Москва шаарында өзбекстандык 25 жаштагы жигит аны менен жолугушуудан баш тарткан кызды бычактап салды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Шохрухбек Каримов аттуу жаран болгон. Ал бычактаган кыз менен таанышканына аз эле убакыт өткөн. Шектүү кызга жакшы мамиле кылып, бирок тиешелүү жоопту ала албагандыктан ушундай кадамга барган.
Кыз Донецктен келип, дүкөндө сатуучу болуп иштеген. Ал көкүрөгүнө бир нече ирет бычак сайылгандыктан каза болгон. Анын жансыз денеси Севастополь кең көчөсүнөн табылган.
Кылмыш жасалгандан кийин Каримов шашылыш түрдө Москвадан Тамбов облусуна качып кеткен. Ал видеокөзөмөл камералары аркылуу кармалды жана кызды өлтүргөнүн моюнуна алды.
Учурда бул боюнча тергөө иштери уланууда.