Түркиянын түштүгүндөгү Каркамыш шаары Сириянын аймагынан ракеталык аткылоого кабылып, үч адам набыт болду. Бул тууралуу Түркиянын Anadolu басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Түрк тарап аткылоону сириялык күрт кошуундары жүргүзгөнүн билдирди. Түркиянын Коргоо министрлиги аскерлер бул аткылоого катуу жооп бергенин белгиледи. Аткылоодон бир мектеп, эки имарат жана бир унаа зыянга учурап, үч адам каза болгон.
Кечээ, 20-ноябрда Түркиянын Коргоо министрлиги Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү күрт согушкерлеринин базаларына жасалган аба соккуларынын натыйжасында баш калкалоочу жайлар жана ок-дары кампалары болгон 89 бута жок кылынганын билдирген. Ошондой эле соккулардын натыйжасында Хасака жана Алеппо провинцияларында бир нече сириялык жоокерлер набыт болгон.