Индонезияда күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөдөн 162 адам каза болду. Ал эми жабыркагандардын саны 700гө чамалады. Бул тууралуу Индонезиянын Kompas гезитинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу баш калаа Жакартадан 74 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кырсыктын кесепетинен адегенде 56 адам каза болгону кабарланса, учурда алардын саны 162ге жетти. Алардын көбү балдар. Белгилүү болгондой, кырсык болгон учурда көптөгөн балдар ар кандай билим берүү уюмдарында болгон.
Индонезияда жер титирөөлөр, вулкандардын атылышы жана цунами сыяктуу табият кырсыктары көп катталат. Анткени өлкө Тынч океан бассейниндеги жарака линиясында жайгашкан.
2004-жылы катталган катуу жер титирөө жана цунами дээрлик 230 000 адамдын өмүрүн алган.