Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 252ге жетти

Индонезиянын Батыш Ява провинциясында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 252ге жети. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн. Учурда 31 адам дайынсыз болуп изделүүдө. Ал эми жаракат алган адамдардын саны 400гө чукулдады.

Кечээ, 21-ноябрда Чианжур районунун түштүк-батыш аймагында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө кеминде бир айылды каптаган жер көчкүгө алып келген. Мындан улам аталган аймактан 14 миңге жакын адам эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан