
Түркияда жер титиреп, 20дан ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, жер титирөө Түркиянын батыш тарабында жайгашкан Дюзже шаарында болуп, анын магнитудасы 5,9га жеткен.
Кырсык Бишкек убактысы менен таңкы саат 07:08де болгон. Тиешелүү кызматтын билдирүүсү боюнча, силкинүүдөн 22 киши жабыркаган. Ал эми бир адамдын абалы оор деп бааланып жатканы айтылды.
Түркиянын Ички иштер министрлиги жер титирөөдөн көз жумгандар катталбаганын айтты.
Аймакта окуу бир күнгө токтотулган.