Украина үчүн келе жаткан кыш электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн улам Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор кыш болушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү Киевдин мэри Виталий Кличко билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Быйылкы кыш Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң катаал кыш болот. Биз эң жаман сценарийге даяр болушубуз керек”, - деген Кличко.
Ал Германияны жана Европанын башка өлкөлөрүн Украинага колдоону күчөтүүгө үндөп, украиндер тез арада генераторлорго, жылуу кийимдерге жана башка гуманитардык жардамдарга муктаж экенин түшүндүрдү. Кличко Орусия энергетикалык инфраструктурага сокку уруу менен өз максаттарына жетеринен күмөн санады.
Суук түшкөндө электр энергиясы масштабдуу өчүрүлсө, шаардын бир бөлүгүн эвакуациялоого уруксат бергенин кошумчалаган.