Коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү боюнча абдан олуттуу жылыштар болуп жатканын айтты. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко ЖККУнун Еревандагы саммитинде билдирди.
"Бизде башка чыр-чатактар бар, аларды чечишибиз керек. Ал жерде, бүгүн Эмомали Шарипович айткандай, Кыргызстандын президенти менен алдыга олуттуу жетишкендик бар", - деди Беларусь лидери Армения-Азербайжан жаңжалы жөнүндө сөз кылып жатып.
"Эгер биз чындап жоопкерчиликтүү уюм болгубуз келсе, бул чыр-чатактардан арылышыбыз керек. Эгерде биз бул маселелерди өзүбүздүн чөйрөбүздө чечип, алдыга жыла албасак, анда биз эмнеге жөндөмдүүбүз?", - деп кошумчалады ал.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>