Индонезиядагы жер титирөө: Урандылардын астында 2 күн жаткан бала куткарылды

Индонезиядагы жер титирөөдөн кийин эки күндөн ашык убакыт үйдүн урандылары астында калган алты жашар бала тирүү куткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, Индонезиянын Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттиги (BNPB) куткаруучулар Азка Маулан Малик аттуу баланы Награк айылындагы турак жайдын урандыларынын астынан чыгарышканын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, бала чоң энесинин жансыз денесинин жанынан табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, Азка азыр Чианжур ооруканасында дарыланууда. Буга чейин аталган башкармалык куткаруучулар анын ата-энесинин сөөгүн алып чыкканын кошумчалаган.

Индонезиядагы жер титирөө: Урандылардын астында 2 күн жаткан бала куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан