Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага кеткен аскер кызматкерлеринин энелери менен жолугушууда жарым-жартылай аскердик мобилизацияга чакыруу аяктаганын ырастады. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жолугушууга катышып жаткан энелердин бири дагы уулу мобилизацияга чакырууну күтүп жатканын айткан.
"Кереги жок, бизге жетет", - деп жооп берген Путин.
Путин өз сөзүндө мобилизациялангандардын энелерине кайрылып, каза болгондордун ата-энелерине алардын кайгысын тең бөлүшөрүн айтты. Ошол эле учурда ал интернетте көрсөтүлгөн ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.