Казакстандын кайра шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев ант берди

Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев салтанаттуу түрдө кызматына киришти. Инаугурация аземи Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында өтүп жатканын "Казинформ" эл аралык маалымат агенттиги жазды.

Мамлекет башчысы Казакстандын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, ант берди.

Казакстандын шайланган президентинин инаугурациясынын урматына ант бергенден кийин мамлекеттик гимн аткарылып, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын президентинин күбөлүгүн тапшырды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 20-ноябрында Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында Токаевге 6 миллион 456 миң 393 шайлоочу (81,31%) добуш берген.

Ал эми 2019-жылы өткөн президенттик шайлоодо Токаев 70,96 пайызга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан