Кытайда СOVID-19 жуктургандардын саны үч күндөн бери рекорд коюуда

Кытайда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны акыркы үч суткада рекорд коюуда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Акыркы суткада 35 183 кишиден вирус аныкталган. Ооругандардын көпчүлүгү илдетти симптомсуз өткөрүп жатканы маалымдалды.
Кечээ, 25-ноябрь күнү инфекция 31 656 адамдан, бүгүн, 26-ноябрда 32 943 бейтаптан аныкталды.
Акыркы жолу Кытайда антирекорд ушул жылдын апрель айында катталган. Анда Шанхайда бир суткада 29,4 миңден ашуун адам вирус жуктурган.
Пандемия башталгандан бери Кытайда жалпы жонунан COVID-19 инфекциясынын 304 093 учуру катталып, 5 232 адам көз жумган.
Кытайда СOVID-19 жуктургандардын саны үч күндөн бери рекорд коюуда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан