"Жыйылган унаалар". Атакама чөлү дүйнөнүн таштандысына айланды (фото)

Чилинин аймагында жайгашкан Атакама чөлү дүйнөлүк таштандыга айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, чөлдөгү таштандылардын сүрөттөрүн жарыялашты.

Маалыматка ылайык, Атакама чөлүнүн аймагында он миңдеген тонна таштанды бар. Бул таштандылар эксперттердин пикири боюнча, жүз жылдан ашык убакытта чирийт.

Чөлдө Европада, Азияда жана АКШда сатылбай калган миңдеген тонна кийимдер, ошондой эле эски машиналар бар. Алардын айрымдары Перуга, Парагвайга жана Боливияга экспорттолгон. Бирок бирок унаалардын көбү чөлдө калууда.

Чөл топурагы көптөгөн сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн жана бактериялардын мекени. Экологдор таштандылардын топтолушу айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, аймактагы флора жана фаунанын жок болуп кетүүсүнө алып келүүдө деп тынчсызданышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан