Исландия дүйнөдөгү эң көп китеп окулган өлкө болуп саналат.
Бул өлкөдө китеп эң көп сатылат жана китепканалардан окурмандардын саны эч качан үзүлбөйт. Исландия элин дүйнөдөгү эң адабиятчы гана эмес, акындардын да эли деп аташат.
Ыр же чыгарма жазууга болгон ынтызарлыкты өздөштүрүү исландиялыктардын улуттук өзгөчөлүгү десек болот. Исландиядагы акындардын пайызы башка мамлекеттерге караганда алда канча көп.
Ошондой эле Исландияда башка өлкөлөргө караганда киши башына жазылган, басылган жана сатылган китептер көп. Ар бир исландиялык жаран жылына орто эсеп менен 4 китеп окуйт жана бул өлкөнүн ар бир онунчу тургуну өмүрүндө жок дегенде бир жолу чыгарма басып чыгарат.
Ошол эле учурда Исландиянын калкынын 100 пайызы интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок интернет дүйнөсү менен чектелбестен жан дүйнөсүн китеп менен сугарган жарандар басымдулук кылат.
А сиз жылына канча китеп окуйсуз?