АКШнын президенти Жо Байден Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен балмуздак жеп жаткан сүрөтүн бөлүштү. Сүрөт Ак үйдүн твиттердеги баракчасына жарыяланды.
Француз президенти Вашингтонго төрт күндүк мамлекеттик сапар менен барды. Сүрөттө көрүнгөндөй Байден менен Макрон Вашингтондогу "Fiola Mare" аттуу италиялык ресторанында балмуздак жеген. Алардын жанында жубайлары дагы бар.
Макрон АКШнын учурдагы президенти Жо Байден кабыл алган биринчи чет элдик лидер болду. Бүгүн, 1-декабрда аны Ак үйдө салтанат менен тосуп алышат.