Володимир Зеленський Донецкке барды (фото)

Украинанын президенти Володимир Зеленський Донецкке барганын билдирди. Ал Telegram баракчасына Славянск шаарынын кире беришинде тартылган видеону жарыялады.

Зеленський аскер кызматкерлерин 6-декабрда Украинада белгиленүүчү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктады. "Салт боюнча мен бул күндү фронтто биздин жоокерлер менен тосом. Бүгүн биз Донбасстабыз", - деди ал видео кайрылуусунда.

Славянск шаары Донецктен 100 чакырым түндүктө жана Харьковдон 160 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Шаар учурда украин аскерлеринин көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан