Иранда нааразычылык акциясы учурунда коопсуздук күчтөрүнө кол салып алардын бирин жарадар кылган жаран өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Ирандын Tasnim маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, кылмышкердин аты Мохсен Шекари болчу. Ал Тегерандагы көчөлөрдүн биринде жол кыймылын жабууга катышып, укук коргоо органынын кызматкерин бычак менен жарадар кылган.
"Адамдарды бычак менен коркутуу жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерине кол салуу, аларды жарадар кылуу - бул согуш кылмышына барабар", - деп жазылат маалыматта.
Ал бүгүн, 8-декабрда өлүм жазасына тартылды.