"Тынч эмес". Сербия армиясын толук даярдыкка келтирсе, Косово ультиматум койду

Косово менен Сербиянын ортосундагы кырдаал кайрадан чыңалып бара жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Жекшемби күнү Сербиянын президенти көптөгөн этникалык сербдер жашаган кошуна Косовонун түндүгүндө дем алыш күндөрү орун алган чыңалуу жана толкундоолордон улам өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды.

Буга чейин косоволук сербдер Косовонун түндүгүндөгү, негизинен этникалык сербдер жашаган Митровица районундагы Звекан, Лепосавич жана Зубин Поток шаарларында бир нече жолду жаап салышкан. Косово полициясы жолду тосуп турган эл полицияга үч жолу ок чыгарганын билдирди.

Мындан улам Сербия армиясын толук даярдыкка келтирсе, Косово Сербияга жолду бүгүн кечке чейин ачышын айтып, ультиматум койду. Болбосо полиция киришет.

Косово менен Сербиянын ортосундагы кырдаал август айында курчуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан