Түркиянын түштүк-чыгышында 150 миллион баррел запасы бар чоң мунай кени табылды. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мунай кени Ширнак провинциясындагы Габар тоосунун аймагында табылган.
"Бул 2022-жылы жээкте табылган эң чоң он кендин бири", - деген Эрдоган.
Анын айтымында, запастардын баасы болжол менен 12 миллиард долларга бааланууда.
Анкара 2023-жылы Түркиянын жүз жылдыгына карата табылган мунайдын күнүмдүк өндүрүшүн 100 миң баррелге жеткирүүнү максат кылууда. Учурда республикада көп сандагы сейсмикалык изилдөөлөр, бургулоо иштери жүргүзүлүп, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуунун ыкмалары активдүү колдонулууда.
Июнь айында Эрдоган Адана провинциясында эки скважинадан жогорку сапаттагы мунай запастары табылганын жарыялаган. Алардын баасы миллиард долларга бааланган.