
Бурятиянын Улан-Удэ шаарындагы аэродромго Ми-8 тик учагы кулап түшүп, экипаждын үч мүчөсү каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, Улан-Удэ авиациялык заводуна тиешелүү жеке учак "Восточный" аэропортунан "Байкал" аэропортуна жакын жердеги май куюучу жайга учуп бара жаткан. Тик учакта экипаждын үч мүчөсү гана бар болгон.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканы жазылат маалыматта.