Бишкекте театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты башталды. Иш-чара ал эмгектенген Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтүүдө.
Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актёрдун жакындары, санаалаштары, сахналаштары жана күйөрмандары катышууда.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда көз жумган. Ал болгону 44 жашта болчу.
Ал эми актёрдун жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат 3-декабрда тараган болчу. Ал боор циррозу оорусу менен жабыркап келген. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек эле. Садыр Жапаров анын дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берген болсо, калган сумма эл тарабынан чогултулган болчу.
Азиз Мурадиллаевдин сөөгү актёрдун өтүнүчү менен "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.