Азиз Мурадиллаевге көз тийди. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков актёр Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнатында айтты.
"Ушундай балбылдаган чолпондой жигитибизден эрте ажырап калдык. Көз эле тийди. Азиз кыргыздын жүзү эле. "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" деп айтат элек. Азыркы кыргыздын өңдөрүнүн бири Азиз болчу. Азиздин акыретке кетиши бул бүт Кыргыз элинин трагедиясы. Атын эстеген сайын, акыреттин тилей жүрөлү. Биз Азиз экөөбүз сапарга чогуу чыкканбыз. Ошондо кандай адам экенин билгем. Таланттуу бардык жагынан таланттуу болот деп бекеринен айтпайт экен. Жан дүйнөсү да, өңү да жаркырап турган жигит болчу", - деди эл өкүлү.
Мындан сырткары депутат актёрдун жакындарына сабыр тилеп, тирүүлүктө кадырлашууга чакырды.
Эске сала кетсек, учурда Бишкекте театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө.
Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актёрдун жакындары, санаалаштары, сахналаштары жана көрүүчүлөрү катышууда.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда көз жумган. Ал болгону 44 жашта болчу.
Азиз Мурадиллаевдин сөөгү актёрдун өтүнүчү менен "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.