"Мен бүт кыргыз элине, президентибиз Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиргим келет. Биз, баарыбыз биргеликте акырына чейин Азиздин өмүрү үчүн күрөштүк", - деди коомдук ишмер Ассоль Молдокматова актёр Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнатында.
"Азиздин оорусу башталган кезден баштап, анын жанында болдум. Бул убакыт аралыгында биз бири-бирибизге жакын адам болуп калдык. Азиз баарыбыздын эсибизде Алымбек датка бойдон сакталып калат. Шаарыбызда ага арналып эстелик орнотулуп, анын аты көчөлөрдүн бирине, мектепке берилишин каалайм. Анткени ал көпчүлүккө үлгү боло ала турган инсан болчу. Бүт өмүрүн исскуствого арнаган инсан катары ал биздин жүрөктөрүбүздө түбөлүккө жашайт деп ишенем. Акыркы жолу ооруканада көрүшкөнүбүздө, мага бардык Кыргыз элине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди эле", - деди Молдокматова.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда көз жумган. Ал болгону 44 жашта болчу.
Азиз Мурадиллаевдин сөөгү актёрдун өтүнүчү менен "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.