Таиландда аскердик кеме чөгүп, 31 деңизчи дайынсыз жоголду

Таиландда аскердик кеме чөгүп, 31 деңизчи дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, падышалык деңиз күчтөрүнүн "Сукхотай" корвети Таиланд булуңундагы бороон учурунда чөгүп кетти.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүнө ылайык, экипаждын 75 мүчөсү куткарылган, 31 деңизчи дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Ал эми кемеде жалпысынан 106 аскер кызматкери болгон.

Окуя 18-декабрь күнү кечинде болгон. Жардамга үч согуштук кеме жана вертолёт жөнөтүлгөн. Издөө топтору түнү бою иштешти, операция уланууда.

Кеме зарыл учурда балык уулоочу кайыктарга жардамга келүү максатында жээктен 32 чакырым алыста болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан