БАК КЫЙЫП, ЖООЛУК САЛЫНЫП ТАЛКУУГА КАБЫЛГАН АНЖЕЛИКА
Эсиңиздерде болсо, ырчы Анжелика 2021-жылдын январь айында кыздары, курбусу менен жол кырсыгына кабылган. Тагыраагы, алар 23-январда Караколго бара жатканда унаа тайгаланып, бир тарабы жолдун четиндеги бакка урунган. Ал эми 2022-жылдын 22-январында дал ошол бак жергиликтүү тургундардын, элдин колдоосу менен кыйылгандыгы ырчы тарабынан белгилүү болгон.
"Былтыр ушул күнү бакты кыйып койгондо таңкы саат беште унаа менен түз талаа жакка өтүп кетет белек?
Жол эреже белгилерин түндө көрүнө тургандай кылып жасап, камераларды иштетип, дарыгерлерге барып ыраазычылык билдирип, кан чыгарып, ушул жерден курман болгондордун баарына куран окуттук.
Ар бир башыбызга түшкөн сыноо - жөн жерден келбейт. Аткара турган миссияларды жасап, тирүүлүктө пайдалуу иштерге себепкер болууга мүмкүнчүлүк түзүүгө аман калат экенбиз.
Бул бакты кыюуга уруксат алганбыз, жалпы эл колдоду. Даракты кыйып жатканда айдоочулар унааларын токтотуп "рахмат" деп жатышты. Бүгүн кечинде дарыгерлер кафеге чакырылган", - деген ырчы.
Бул маалымат коомдо талкуу жаратып, социалдык тармактын колдонуучулары "Даракты эмнеге кыйды?", "Анжелика кайра көчөт отургузсун!", "Бакты кыйганда эле маселе чечилип калабы?" дешкен.
Аягы бүтпөгөн талкууга ырчы жооп жазып, 10 жылдан бери бактарды отургузуп келерин билдирген.
Андан көп өтпөй ырчы айым апасы менен Умра сапарына чыгып, ал жактан келгенден кийин жоолук оронгон сүрөтүн жарыялап, элдин талкуусуна кабылды.
Айтылып жаткан кептер боюнча Анжелика айымга байланышканыбызда ал SUPER.KG порталына буларды айтып берген.
"Апамды умрага алып барып келдим. Он күн бою беш маал намаз окуп, жоолук чечпей жүрдүм. Шарт ошондой. Келгенден кийин ал нерседен баш тартып, намазды токтотуу - Аллах алдында эки жүздүүлүк болуп саналат. Ошондуктан ыйман жолунда жашоомду улантуудамын. Хиджаб болбосо дагы башымда ар дайым жоолук болот", - деди ал.
Ошондой эле хиджаб бул кийим экенин, аны талкууга албай деле койсо болорун кошумчалады.
"Хиджаб кийген айым жүзүн такыр көрсөтпөш керек. Бизде андай мүмкүн эмес. Күйөөңө, ата-эне, балдарың, бир туугандарың гана көрүш керек. Бекин, катынып жүр деген нерсе. Мен ыймандуу айым эле болгум келет.
Эл сүйлөгөн жана сүйлөй берет. Мен кыйынмын деген айым үйүндө гана жүзүн ачып, эшикте жамынып, беш маал намаз окуган айым", - деп белгилеген ырчы.
БЕЛГИЛҮҮ АКТЁР ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛИП...
Ал эми жаздын алгачкы айынын акыркы күндөрүндө коомчулукта белгилүү актёр чет элдик аялды зордуктаптыр деген уу-дуу кеп тарады. Ал ангыча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул маалымат боюнча үн катып, билдирүү таратты.
Билдирүүдө жазылгандай, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаевге карата 155-берененин негизинде (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) кылмыш иши козголгон.
Көп өтпөй Чыңгыз Мамаевдин тарапташтары, кесиптештери актёрдун мындай ишке барбай турганын, бул жалган жалаа, каралоо экенин айтып чыгышты.
Андан бери Чыңгыз Мамаевге козголгон иш улам жылдырылып, азыркы күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Акыркы маалыматтар боюнча, анын иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Андан кийин актёр абактан президент Садыр Жапаровго кайрылуу кат жөнөткөн. Ал жазган катында үй камагына чыгарууну же сот иштерин тездетүү тапшырмасын берүүнү суранган.
КЫРГЫЗ ТҮРМӨСҮН "БЕЙИШКЕ" ТЕҢЕГЕН ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК
Өзүн кыргыздын деми атаган блогер Гүлзат Мамытбектин соттук отуруму май айынын аягында жыйынтыкталды. Соттун чечими менен блогер үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулган.
Үй камагына чыккан Гүлзат Мамытбек SUPER.KG порталына алгачкы маегин берди. Маек учурунда ал темир тор артындагы жашоосу, алдыга койгон максаттары тууралуу кеңири сөз кылып кыргыз түрмөсүн бейишке теңеген.
"Бардык нерсе Кудайдын буйругу менен экен. Мен соттун чечими боюнча эч нерсе айта албайм. Карыздар моюнумда, инвесторлорго акчасын кайтарып берем. СИЗОдон көп кыйналган жокмун. Ал жерден жөн жатпай 3-4 тилди үйрөндүм. Жанымдагыларга англис тилин үйрөттүм десем болот. Көзүм ачылды. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын түрмөлөрү бейиш экен. Жадагалса эшигин да өздөрү ачып беришет экен", - деген ал.
Эскерте кетсек, блогер Гүлзат Мамытбекке Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечим чыгарган. Анда сот Гүлзат Мамытбекти күнөөлүү деп таап 3 жылга пробациялык мөөнөткө (үй камагы) кескен.
БАТКЕНДИК АЯЛДЫ ДАҢАЗАЛАМАКЧЫ БОЛУП... МАНАС АЙТЫП БАТИРЛҮҮ БОЛОМ ДЕП СЫНГА КАБЫЛГАН ШАЙЫР КАСЫМАЛИЕВА
Ушул жылдын күз мезгилинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актриса Шайыр Касымалиева баткендик аялдын образын чагылдырам деп элдин талкуусуна кабылды.
Сентябрь айында жергиликтүү ютуб каналдардын бирине "Үч кемпир" деген аталыштагы кыска метраждуу тасма чыккан. Бирок тасма чыккандан кийин 1 суткага жетпей коомдун талкуусуна кабылып, дароо өчүрүлгөн. Анда Шайыр Касымалиева баткендик Карамат аттуу жүдөңкү аялдын образын чагылдырган. Коомчулук "Баткендиктерди өтө ашкере мазактаптыр", "учурда Баткен эли үчүн оор кырдаал болуп жатса, шылдыңга алып жатканы эмнеси" деген өңдүү пикирлерди калтырып, сынга алышкан.
Бул боюнча актриса SUPER.KG порталы аркылуу кыргыз элинен кечирим сурап, видео кайрылуу жасаган.
"Мен тасма аркылуу баткендик аялдарды мазактайын деген оюм болгон эмес. Тескерисинче, баткендик аял шаардагы аялдарды шыктандырсын деген ойду берейин дегем. Биздин катачылыгыбыз Караматты өтө жүдөңкү абалда бергенибиз болду", - деген оюн билдирген.
Андан кийин ушул жылдын декабрь айынын башында Манас күнүн утурлай өкмөт тарабынан бир катар манасчылар батирлүү болушкан. Бул жаңылыкты утурлай актриса Шайыр Касымалиева "Манас" айтып үйлүү болсомбу деп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөй калам деп кайрадан элдин талкуусунда калды.
"НУРБЕК, НУРБЕК, НУРБЕКТИН....". ТҮРКИЯДА МАНАС АЙТЫП ТАЛКУУГА КАБЫЛГАН РЫСПАЙ ИСАКОВ
Сентябрь айында манасчы Рыспай Исаков Түркиянын Бурса шаарында IV Көчмөндөр оюндарынын алкагында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган "Башканы коюп манасты айт" манас жумалыгында манас айткан. Анын жүрүшүндө "Нурбек, Нурбек, Нурбектин" деген өндүү сөздөрдү кошуп кеткен учурунда тартылган видео коомчулукка тарап кызуу талкууга алынган.
Жыйынтыгында ал 124 саат манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталды. Ал эми талкуу жараткан видео боюнча ал билдирүү жасап, манас айтуусунун талкууга алынышына тескерисинче сүйүнгөнүн билдирген.