Атактуу түрк актёру, 2003-жылдын "Түркиянын мыкты модели" наамынын ээси Бурак Өзчивит 1984-жылы 24-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында төрөлгөн. Анын атасы жеке ишкерлик менен алектенип, иш сапарларга көп чыкчу. Ал эми апасы өз милдетин аткарып кичинекей Буракты жана андан 5 жашка улуу эжесин тарбиялоо менен алектенчү.
Ал Стамбул шаарындагы Мармара университетинин кино, көркөм сүрөт искусство жана фотограф факультетин бүтүргөн. 2003-2007-жылдар аралыгында моделдик чөйрөдө иштеп жүргөн. Бул тармакта биринчи жылы эле ийгилик жаратып "Түркиянын мыкты модели" наамына ээ болгон. Ал эми 2005-жылы "Дүйнөнүн мыкты моделдери" арасында 2-орунга татыган.
Ал "Даңазалуу доор", "Түбөлүк сүйүү", "Боз торгой", "Кайра жаралуу: Эртугрул" жана башка телесериалдарда мыкты ролдорду жараткан.
Актёрго "Боз торгойдо" Кямрандын жана "Даңазалуу доор" сериалында Бали бейдин ролу дүйнөлүк атак-даңк алып келген.
2015-жылдан баштап актриса Фахрие Эвжен экөөнүн сүйүү баяны башталган. Алар "Боз торгой" сериалын тартуу учурунда таанышкан. Эки жылдан соң, тактап айтканда, 2017-жылы 9-мартта Өзчивит Эвжендин колун сураган. Үйлөнүү үлпөт тою ошол эле жылдын 29-июнунда Стамбул шаарында Саид Халим-Паша тарыхый вилласында өткөн.
Бурак Өзчивит 2015-жылы кезектеги "Түбөлүк сүйүү" аталышындагы сериалга башкы ролго тартылууга сунуш алат. Ал эми анын сүйүктүүсүнүн ролу аткаруу Неслихан Атагүлгө буюрган.
Актёр үй-бүлөсү менен.
24-декабрга карата жылнаама.