Япониянын көпчүлүк аймактарында жааган калың кардан акыркы 10 күндө 17 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы күндөрү өлкөнүн Япониянын батышында, ошондой эле Хоккайдо аралында калың кар жаады. Кээ бир райондордо күндүз бир метрге жакын кар жааган. Электр чубалгылары кардан улам миңдеген үйлөрдө электр жарыгы өчтү.
Мындан улам көптөгөн адам жабыркап, каза болгондордун саны 17ге жетти.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, Япониянын түндүк-чыгышында кар орточо көрсөткүчтөн үч эсе көп жааган.