Украинанын лидери Володимир Зеленський Орусиянын президенти Владимир Путиндин тирүү экенинен шек санайт. Бул тууралуу ал Давостогу экономикалык форумда сүйлөп жатып билдирди.
"Бүгүн мен ким менен эмне жөнүндө сүйлөшөрүмдү түшүнбөй турам. Кээде Орусиянын президенти ал экенине ишенбейм. Чечим чыгарабы, же кимдир бирөө чечим чыгарабы, анын тирүү экенин толук түшүнбөй жатам", - деди украин президенти.
Өз кезегинде Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин лидеринин Владимир Путиндин тирүү экенинен жана чечимдерди кабыл алуусунан күмөн санаган сөздөрүнө жооп берди.
"Орусия да, Путин да Украина жана Зеленський үчүн чоң көйгөй экени анык. Таза психологиялык жактан Зеленський мырза Орусиянын да, Путиндин да жок болушун каалаары анык. Бирок украин режими Орусия менен Путин бар экенин канчалык эрте түшүнсө ошончолук жакшы болот", - деген Песков.