Нурсултан Назарбаев Астанадагы ооруканалардын бирине жаткырылды

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу "КазТАГ" агенттиги медиа-менеджер Александр Аксютицага таянып жазды.

Белгиленгендей, анын жүрөгүнө операция жасалышы мүмкүн.

"Менин булактарым Нурсултан Назарбаев Астанадагы ооруканалардын бирине жаткырылганын айтышты. Анын жүрөгүнө комплекстүү текшерүү жүргүзүлөт. Медициналык кызматкерлер хирургиялык кийлигишүү болушу мүмкүн экенин айтышууда", - деп билдирген Аксютиц.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 12-январында Казакстандын сенатынын (парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Маулен Ашимбаев Назарбаев "ардактуу сенатор" статусунан ажыратылганын жарыялаган.

Көп өтпөй парламенттин депутаттары экс-президенттин артыкчылыктары менен ыйгарым укуктарына тиешелүү болгон “Казакстан Республикасынын биринчи президенти жөнүндө” мыйзамды жараксыз деп тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан