Грузияда мурдагы аскер кызматкери балкондон 5 адамды атып салды

Грузиянын чыгышында мурдагы аскер адамы беш кишини өлтүрүп, өзүн-өзү атып салды. Мындай маалымат Грузиянын ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ок атуу Грузиянын чыгышындагы Сагарехо шаарында болгон. Анда куралчан адам көп кабаттуу үйдүн балконунан адамдарга ок чыгарып, беш киши каза болгон. Дагы бешөө жаракат алды, алардын абалы туруктуу.

Грузиянын Ички иштер министрлиги каза болгондордун арасында окуя болгон жерге келген полиция кызматкери бар экенин билдирди. Полициянын кошумча кызматкерлери келгенде кол салган адам өз жанын кыйган.

Адамдарга ок чыгарган жаран 2006-жылдан 2021-жылга чейин армияда кызмат өтөгөн. Ал Грузиянын армиясы менен чогуу Ооганстанга дагы барып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан