Швецияда Куранды өрттөгөн саясатчынын жоругу Түркияда нааразычылыктарды жаратты

Өткөн ишембиде швециялык саясатчынын мусулмандар үчүн ыйык китеп саналган Куранды эл алдында өрттөгөн жоругу Түркияда массалык нааразычылыктарды жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган окуядан соң Стамбулдагы Швеция элчилигинин имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулуп, буга жооп катары Швециянын желектерин өрттөштү. Ошондой эле бир канча убакытка Курандан аяттарды окушту.

Белгилей кетсек, 21-январь күнү даниялык саясатчы жана адвокат Расмус Палудан Швециядагы Түркия элчилигинин астында өткөн митингде Курандын экземплярын өрттөп жиберген. Расмус Палудан көп жылдан бери антиисламдык партияны жетектеп келет жана анын мындай аракети биринчи жолу эмес экендигин бир катар маалымат каражаттары жазган.

Аталган окуядан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швецияны НАТОнун мүчөлүгүнө кабыл алуу демилгесин колдоодон баш тартканын билдирди.

"Швециядагы кара санатай жорук, адам укуктарын жана эркиндиктерин, аны менен бирге мусулман коомчулугунун укуктары менен эркиндиктерин сыйлаган бардык жарандарды мазактоо болуп саналат. Швеция биздин диний баалуулуктарыбызды сыйлабайт. Мындан улам аларга НАТОго кошулуу темасында бизден эч кандай колдоо болбойт", - деп билдирген ал.

Эске салсак, 2022-жылы Украинадагы согуштук окуялардан улам Швеция менен Финляндия НАТО аскердик уюмуна кошулуу ниетин билдирген. Алардын бул каалоосуна альянска кирген 30 мамлекеттин 28и макулдугун билдирип, Венгрия менен Түркиянын гана макулдугу күтүлүп жаткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alinsan
2023-01-24 12:39:00
Эн туура кылыптыр Эрдоган, буларды ушундай кылыш керек жон жаткан элди козгоп, кой олордо койчунун таягына сойонот дегендей болуп, чала болот шведдерге!!!
0
Zumrudianka
2023-01-24 13:06:00
Эрдоган ислам динин бекем туткан, сыйлаган, баалаган, якын менен ишенген дуйнодо жалгыз президент
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан