Түштүк Кореяда 22 кишиси бар кеме деңизге чөгүп кетти

Түштүк Кореянын түштүгүндөгү Чеджу аралында Гонконгдо катталган жүк ташуучу кеме чөгүп кетти. Бул тууралуу Yonhap агенттиги Жээк коопсуздук кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Билдирүүүгө ылайык, кемеде жалпы 22 адам болгон. Алардын 14ү Кытайдын жана сегизи Мьянманын жараны, алардын айрымдары куткарылды, калгандары изделүүдө.

Jin Tian кемеси Чеджу аралындагы Сеогвипо шаарынан түштүккө карай 148 чакырым алыстыкта чөгүп кеткен. Кеме ​​жыгач ташып бара жаткан. Түнкүсүн ал кырсык сигналын берген. Жээк коопсуздук кызматынын өкүлүнүн айтымында, беш деңизчи өтүп бара жаткан кемелер тарабынан куткарылган.

Учурда калгандарын издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-25 15:57:00
Жабырлануучулар жок деп үмүттөнөбүз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан