Азербайжандын Ирандагы элчилигинин дипломатиялык ишмердүүлүгү толугу менен токтотулду. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов билдиргенин Азербайжандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Дипломатиялык өкүлчүлүктүн административдик имаратын жана мүлкүн коргоо үчүн элчиликте беш адам калат, бирок алар дипломатиялык иш жүргүзбөйт", - деген ал.
Эске салсак, Азербайжандын Тегерандагы элчилигине кол салуу 27-январь күнү эртең менен болгон. Кол салган адам коопсуздук постунда Калашников автоматынан ок чыгарып, коопсуздук кызматынын башчысы каза болгон. Элчиликтин эки күзөтчүсү дагы жарадар болгон.
Кечээ, 29-январь күнү кечинде Азербайжандын Ирандагы элчилигинин эвакуацияланган кызматкерлери бар учак Бакуга конду. Ошондой эле элчиликке кол салуудан каза болгон Орхан Аскеровдун сөөгү Бакуга жеткирилди.