Пакистанда мечитте жарылуу болуп 17 адам каза болду

Пакистандын Пешавар шаарында жанкечти мечитке кирип келип, өзүн жардырып жиберди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жанкечти намаз окугандардын алдыңкы сабында болгон. Жардыруу учурунда мечитте 120дай адам болгон. Жардыруудан кеминде 17 адам каза болуп, 90дон ашуун адам жаракат алган.

Ошондой эле мечиттин бир бөлүгү урап түшкөн.

10дон ашык жабырлануучунун абалы оор. Облустук саламаттыкты сактоо департаменти медициналык чукул кырдаал жарыялады. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир жергиликтүү террордук топ өзүнө ала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2023-01-30 21:43:00
Ит экенго Ит ресторан клубтарга барбайбы жетим мечитке кирбей
0
jyrgal86
2023-01-30 22:00:00
Сендей террористтер жардырат кафе, ресторан, клубтарды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан