Индиялык миллиардер жана ишкер Гаутам Адани Азиядагы эң бай адам статусунан ажырады.
Forbes басылмасы түзгөн миллиардерлер рейтингине ылайык, Гаутам Аданини мекендеши Мукеш Амбани артта калтырган. Анын байлыгы дээрлик 83 миллиард долларга бааланып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 9-орунга көтөрүлдү.
Ал эми Аданинин байлыгы учурда 75 миллиард долларды түзөт.
Кошумчалай кетсек, Адани январь айында эле 36 миллиард долларын жоготкон, бул башка миллиардерлерге караганда көп.
Эске салсак, индиялык миллиардер жана ишкер Гаутам Адани 2022-жылы Азиядагы эң бай адам болгон. Биржадагы жоготууларга чейин анын байлыгы 125 миллиард долларга бааланган.