Стамбулдагы бир катар европалык консулдуктар убактылуу жабылгандан кийин Түркия тогуз өлкөнүн элчилерин чакырды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Германия, Бельгия, Улуу Британия, Франция, Италия, Нидерландия, Швейцария, Швеция жана АКШнын элчилери Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Германия 1-февралда Европанын айрым өлкөлөрүндө Куран китеби өрттөлгөн окуялардан кийин террордук чабуул коркунучу күчөгөнүн айтып, Стамбулдагы консулдугун жапкан. Муну улай эле кеминде алты башка өлкө сактык чарасы катары ушундай кадамга барды.
Ал эми АКШ консулдугу ачык бойдон калууда, анткени имараты Стамбулдун борборунда жайгашкан эмес. Бирок Вашингтон өз жарандарына сак болууга эскертүүлөрдү берип, бир катар башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кошулган.