Кытайда арты-артынан катталган жол кырсыктан 10 мүнөттүн ичинде 16 адам каза болду

Кытайдын борборундагы Хунань провинциясында унаалар арты-артынан кагылышып, кеминде 16 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Хунань провинциясындагы трассада болгон. Анда арты-артынан 49 унаа кагылышкан. Жыйынтыгында 16 адам 10 мүнөт аралыгында каза болгон.

Ошондой эле кырсыктын кесепетинен 66 адам жабыркады, алардын сегизи оор жаракат алган. Бардык жабырлануучулар ооруканага дарыланууга жөнөтүлдү.

Окуяга байланыштуу тергөө амалдары жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон жерге жумушчу топ жөнөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан