Астанада саатты туура эмес көрүп алган окуучу кыз түнкү саат 3тө мектепке барды (видео)

Казакстандын Астана шаарында окуучу кыз саатты туура эмес көрүп алып, түнкү саат 3тө мектепке барган. Бул үчүн анын ата-энеси жазаланганын Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кызды мектептин жанында турган жеринен шаардыктар байкап, полицияга кайрылышкан. Кыз полицияга түнкү саат 03:00дү таңкы саат 07:00 деп көрүп алганын айтып берген.

"Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында саат 03:26да полицияга Конституция көчөсүндөгү мектептин жанында кичинекей кыз турганы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция кызматкерлери текшерүү учурунда жашы жете элек кыз саат 03:00дө ойгонгонун, ал эми ошол маалда үй сааты таңкы саат 07:00дү көрсөткөнүн аныкташкан", - деп билдирген полиция.

Кыздын ата-энеси окуя тууралуу полициядан уккан. Алар административдик жазага тартылды.

Астанада окуучу кыз түнкү саат 03:00до мектепке барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
patriot.kg94
2023-02-06 10:35:00
Андай бизде деле болгон агам экообуз эрте барып алсак эч ким жок мектеп жабык анан суйунуп бугун оку жок экен деп уйго келип кайра мектеп формабызды чечип отурсак окуулар мектепке кетип атышыптыр кайра кийинип алып барганбыз))) бирок биздин саат кечинделе 7 де токтоп калган экен эле
+1
patriot.kg94
2023-02-06 10:35:00
patriot.kg94 окуучулар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан