Казакстанда күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Казакстанда күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча 6-февралда саат 19:02де катталган. Анын очогу Алматы шаарынан 628 чакырым батыш тарапта орун алгандыгы айтылат. Ал эми Шымкент жана Тараз шаарларында күчү 2-3 баллга жеткен жер титирөө сезилген.

Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү Түркия менен Сирияда очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Түркияда кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 1 541ге жетсе, Сирияда кеминде 400 адам набыт кеткени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан