"7 күндүк аза күтүү". Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 4 миңге чукулдады

Түркия өлкөсүнүн түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдө каза болгондорго байланыштуу жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"6-февралда өлкөбүздө болгон жер титирөөгө байланыштуу Түркияда жети күндүк аза күтүү жарыяланды", - деген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Анын айтымында, аза күтүү жарыяланышына байланыштуу Түркиянын бардык аймагында жана өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде мамлекеттик туу 12-февраль, жекшемби күнү күн батканга чейин түшүрүлөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3800дөн ашты. Түркия дүйшөмбү күнү кечкиге карата 2379 адам каза болуп, 14 миң 483 адам жаракат алганын билдирсе, Сирияда кеминде 1444 адам каза болуп, 3530 адам жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан