Катуу жер титирөөдөн улам Түркия 5-6 метрдей жылып кетти. Бул тууралуу Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институтунун (INGV) президенти Карло Доглони билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Араб плитасы Анадолу плитасына карата түштүк-батыш тарапка жылып кеткен.
"Бул жер титирөөдөн улам Түркия 5-6 метрге жылып кетти. Бирок эң так маалыматтар спутниктик байкоолордон кийин жакынкы күндөрү жеткиликтүү болот", - деп айтылат италиялык эксперттин изилдөөсүндө.
Өз кезегинде Түркиянын сейсмологиялык кызматы цунами коркунучу бар экенин билдирген, бирок пайда болгон толкун алсыз жана кичинекей болуп, бийиктиги болгону 30 сантиметрге жеткен.