Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөдөн кыйраган Кахраманмараш шаарына барды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Бул түрк лидеринин жер титирөө болгондон кийинки алгачкы сапары. Эрдоган кырсык болгон аймактагы иштерди жеринде координациялоону пландоодо. Ал андан кийин Хатай облусуна барат.
Кечээ, 7-февралла Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын Түркиянын аэропортундагы видеосу тараган. Видеодо Кыргызстандын куткаруучулары Кахраманмараш шаарына каттамды күтүп жатканы көрүнгөн.