Социалдык тармактарда жер титирөөдөн кийин урандылардын астында инисин коргоп жаткан жети жашар сириялык кыздын видеосу бүткүл дүйнөгө тарады.
Сириялык кыз жер титирөөдөн кийин 17 саат бою имараттын урандыларынын астында инисин коргоп жаткан. Ал иниси кыйналбашы үчүн колу менен башын тосуп, инисин жооткотуп жаткан.
Бул видео учурда дүйнө жүзүнө тарап, талкууга алынды. Көпчүлүк интернет колдонуучулары сириялык кызды азыркы замандын баатыры экенин жазышууда.
"Кандай эр жүрөк кыз”, "Көрүп алып жүрөгүм жараланды, Кудайым силерге узун өмүр берсин!", "Чыныгы камкорчу периште, чыныгы эже” деп жазышууда интернет колдонуучулары.
Бактыга жараша балдар урандылардын астынан аман-эсен куткарылды.
Буга чейин Түркиядагы жер титирөөдөн 8 айлык кыз уранды астында 68 саат жатканы кабарланган.