Түркияда кыргыз куткаруучулары барган аймакта дагы бир ирет жер силкинди

Бүгүн, 9-февралда Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Бишкек убактысы боюнча 13:18де Түркиядагы жер титирөөдөн катуу зыян тарткан Кахраманмараш шаарынан 44 чакырым түштүк-батышта катталган. Очок 10 километр тереңдикте жаткан.

Бул жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалымат жок.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары дал ушул Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Бүгүн, 9-февраль саат 13:00гө карата кыргыз куткаруучулары 22 адамдын жансыз денесин урандылардын астынан алып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан