"Куткаруучу ыйлап". Түркияда баласын урандыдан коргогон эне каза болду (видео)

Түркияда кыйраган имараттын урандыларынын астынан бала куткарылды. Ымыркай урандыны денеси менен тоскон энесинин аркасында аман калган. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, издөө-куткаруу иштери учурунда Түркиянын Хатай шаарында көп кабаттуу үйдүн урандыларынын астында ымыркайдын ыйлап жатканын куткаруучулар угуп калышкан.

"Аднан аттуу бала жер титирөөдөн кийин урандылардын астында калып, куткарылды. Кырсыктын кесепетинен баланын бүт үй-бүлөсү: ата-энеси, эки байкеси жана эки эжеси каза болгону аныкталды. Ымыркай урандыны денеси менен тоскон апасынын астында аман калган", - деп жазылат маалыматта.

Баланы куткаруу операциясы 72 саатка созулган. Акыры баланы аман-эсен чыгарган куткаруу тобунун кызматкери апасынын өлгөнүн билгенден кийин ыйлаган.

Түркияда баласын урандыдан коргогон эне каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан