Түркиядагы зилзаладан каза болгондор 20 миңден ашты

Түркия жана Сирияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар расмий маалыматтарга таянуу менен жазып чыгышты.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай берген маалыматка ылайык, жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 17 674кө жетти. Ал эми 72 миңден ашык жаран жабыркады. Мындан тышкары жабыр тарткан аймактарда 29 миңден көп куткаруучулар иш алып барууда.

ВВС жазган маалыматка таянсак, Сирияда табият кырсыгынан кеминде 3162 адам көз жумган.

Маалымат үчүн: Түркияда 6-февралда катуу жер титирөө катталган. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган. Буга байланыштуу Түркияда 7 күндүк аза күтүү жарыяланган. Учурда куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстан жабыр тарткан түрк калкына көмөк берүү үчүн 63 куткаруучусун жөнөттү. Алар Кахраманмараш шаарында кызмат кылууда. Дагы ӨКМнын 70 куткаруучудан турган тобун жиберүү мерчемделип жатат. Мындан тышкары кыргыз бийлиги Түркияда жабыркагандарга жардам берүү максатында депозиттик эсеп ачып, жер-жерлерде гуманитардык жардамдарды топтоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан